“Ак-Тилектеги” кырдаал боюнча кыргыз-казак чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолукту

“Ак-Тилектеги” кырдаал боюнча кыргыз-казак чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, казак тарап аларда эч кандай чектөө жок экенин, иш кадимки тартипте жүрүп жатканын билдирди. Өз кезегинде Кыргызстан аталган посттон бир саатта 14-15 машине өтсө, азыр 4-5 сатта бирден автоунаа өтүп жатканын айтты.

 

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 20-августтан тарта көбөйө баштаган. Учурда Кыргызстандан Казакстанга өтө албай турган унаалардын саны 400дөн ашканы кабарланды.