Караколдо милиционерлер аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратты

Кыргыз милициясынын майрам күнүнүн алдында Каракол ШИИБнин балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору кайрымдуулук акциясын уюштурду.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын алкагында тартип сакчылары зарыл болгон акча каражаттарын чогултуп, биринчи зарылдыктагы азык-түлүктөрдү сатып алып, мектеп жашындагы балдарды жалгыз тарбиялап жаткан энелерге, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратышты.

Мындан тышкары, милиционерлер алардын жашоосу менен жакындан таанышып, үй-бүлө мүчөлөрү менен барлашты.

Алар тартип сакчыларына көйгөйлөрү менен бөлүшүп, өздөрүнүн турмуштук абалын кеӊири айтып беришти.

Милиция кызматкерлери өздөрүнүн кызматына байланыштуу тартыш убактысына карабастан, муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү мындан ары да колдой берерине ишендирип кетишти.