Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык аяктоо алдында турат

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Электр энергетикалык кеңешинин 62-жыйынында билдирди.

 

Анын айтымында, унаа жолун, көмөкчордондун, электр линиясынын, тоннелдердин, көпүрөлөрдүн жана куруучулардын конуштарынын курулушу бүткөрүлдү.

 

Белгиленгендей, Камбар-Ата-1 ГЭСинин жалпы долбоордук кубаттуулугу 1 миң 860 МВтка жетип, жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат.

 

Эске салсак, Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу өткөн жылы 8-июнда башталган.