Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова кызматтан бошотулду

Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова кызматтан бошотулду. Бул тууралуу мэрия аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди. Анын айтымында, башкармалыкты Мейрманованын орун басары Наталья Никифорова убактылуу жетектеп турат.

 

Ал эми жаңы жетекчи сынактын негизинде тандалат.  Эске салсак, буга чейин Балбак Түлөбаев Билим берүү башкармалыгын Мейрманова жетектеп турган маалда көйгөйлөр топтолуп, бирок чечилбей жатканын айтып, ага иштен кетүүнү сунуштаган.