АКШ кыргызстандык төрт компанияга санкция киргизди

АКШнын Финансы министрлиги кыргызстандык төрт компанияга санкция салганын билдирди. Бул туурасында аталган ведомствонун рамий билдирүүсүндө айтылган.
Буга себеп «Россияга санкцияга кабылган товарларды» ташыган дешкен.
Төмөнкү компаниялар «кара тизмеге» кабылган:

«РМ Дизайн энд Девелопмент» (RMDD) ЖЧКсы;

«Прогресс Лидер» ЖЧКсы;

«ГТМЕ Технологии» ЖАКы;

«Карголайн» ЖЧКсы.

Мындан сырткары аталган тизмеге кыргызстандык фирмалардан санкцияланган товарларды алып турган россиялык компаниялар да кирген.
Шаршемби күнү Washington Post Ак үй Кыргызстанды Россияга санкция салынган товарларды ташып кирүүсүн токтотууга мажбурлаш үчүн экономикалык чараларды даярдап жатканын жазган. Басылма кеп кандай чаралар тууралуу болуп жатканын тактаган эмес. Маалыматта мындай кадамга америкалык жана европалык дипломаттардын Бишкекке «айлап жасаган сапарларынын майнапсыз» болушу таасирин тийгизгендиги белгиленген.
Ал эми Кыргызстан, тагыраагы УКМК АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн Россияга киргизген санкциялык чектөөлөрүн бузууга кыргыз бийлигинин өзүнүн да, мамлекеттик түзүмдөрү менен компанияларынын да эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Аны менен катар эле жеке компаниялар менен фирмалардын өздөрүнүн ишкердик жана өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн алкагында продукциялардын акыркы керектөөчүсү же колдонуучусу ким экенин билбестен санкциялык чектөөлөрдү бузууга катышып калышы мүмкүн экендигин белгилеген.