Калифорния тургуну лотерея джекпотун утуп алды – 1 миллиард 80 миллион доллар

Калифорния тургуну лотерея джекпотун утуп алды – 1 миллиард 80 миллион доллар. Уюштуруучулардын айтымында, утуш алып келген билет Лос-Анджелестеги кичинекей супермаркетте сатылган.

 

Эми бактылуу эркек утушту кандай формада ала турганын тандашы керек: толук сумманы, бирок бир нече жыл бою бөлүп-бөлүп алат же салыктар менен 558 миллион долларды дароо алса болот.