АКШ тургуну 10 жыл бою лотерея билетин бир эле сандар менен ойноп, акыры утушка жетти

АКШ тургуну 10 жыл бою лотерея билетин бир эле сандар менен ойноп, акыры утушка жетти. Эркектин айтымында, ал алгачкы билетин 10 жыл мурда сатып алып, сандардын комбинациясын терген.

 

Ошондон бери ал ар бир лотереяга аларды колдонуп келген. Кезектеги билет ага 50 миң доллар алып келди, ал эми 10 миллион долларлык джекпотко ага бир эле сан жетпей калган.

 

Бирок ал өкүнбөйт, анткени, туруктуу сандары дагы ага утуш алып келди. Эми ал үй-бүлөсү менен саякаттоону пландап жатат.