АКШда актер Бен Аффлек жана ырчы Дженнифер Лопес ижарага алган үй сатылат

АКШда актер Бен Аффлек жана ырчы Дженнифер Лопес ижарага алган үй сатылат. Турак-жай 85 миллион долларга бааланууда. Анда 12 уктоочу бөлмө, оюн залы, бильярд столу менен бар жана шарап үчүн атайын жер төлөсү бар.

 

Негизги имараттан тышкары, үйдө чоң бассейн жана өзүнчө коттедж дагы бар. Белгилеп кетсек, жылдыздуу жуп  бул үйдө ушул жылдын май айында жашаган.