Бишкектин Чүй проспектисинин Бейшеналиева көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык курулуш иштери жүрүүдө

Бишкектин Чүй проспектисинин Бейшеналиева көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык курулуш иштери жүрүүдө.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган бөлүктө учурда “Жашыл чарбанын” жумушчулары тарабынан бетон тосмо орнотулуп, сугат суу менен камсыз кылуу үчүн борбордук магистралдык түтүк тартылды.

 

Ошондой эле Чүй проспектисин бойлой 1 миң 500 түп ийне жалбырактуу туя отургузулду. Мэриядан белгилешкендей, жалбырактуу дарактардын тосмосу жарандардын жолду туура эмес кесип өтүшүнө жол бербейт.