Бишкектен туруктуу негизде жүргүнчү поезддер Россиянын үч шаарына каттайт. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, курамдар Самара, Казань жана Новосибирск шаарларына барат.
Самарага поезд жумасына эки ирет – шаршемби, жума күндөрү, Казанга дүйшөмбү күндөрү жана Новосибирскке 8 күндө бир каттайт. Билет баасы жана башка кененирээк маалымат “Кыргыз темир жолу” ишканасынын сайтында жеткиликтүү.