Дарыгерлердин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Дарыгерлердин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 400 медицина кызматкери ооруканаларда жана стационарларда пандемия күч алып жаткан учурда вирус менен күрөшкөн.

 

Алар Баткен, Чүй, Ош, Нарын облустарынын жана Бишкектин дарыгерлери. Саламаттыкты сактоо министрлиги жалпысынан 2 миңден ашык медицина кызматкеринин ден-соолугун Ысык-Көл санаторийлеринде чыңдоону пландаган.