“Акылдуу” эсептегичтер Кыргызстандын бардык абоненттеринде 1,5 жылдын ичинде орнотулат

 

“Акылдуу” эсептегичтер Кыргызстандын бардык абоненттеринде 1,5 жылдын ичинде орнотулат.

 

Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, жалпысынан республика аймагында 1 миллиондон ашык керектөөчү бар.

 

Алардын 450 миңден ашыгы заманбап шаймандар менен камсыздалган. Эске салсак, “акылдуу” эсептегичтер электр энергиясы үчүн карызы  бар абоненттерди аралыктан эле жарыктан өчүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле электр кубаттуулугу ашыра колдонулса, автоматтык түрдө өчүрүлөт.