Синоптиктер шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 13-октябрдан 15-октябрга чейин өлкө аймагынын басымдуу бөлүгүндө карга айланган жаан жаайт.
Айрым райондордо бороон болуп, ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен шамал болот.
Аба-ырайынын мындай шарттары транспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине тоскоолдук жаратат.