Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолу бир тараптуу ачылды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ аталган трассанын Чоң-Сай тилкесинде көлөмү 400 миң кубометрге жеткен кар көчкү түшкөн.
Жолчулар карды тазалап, учурда унаалар бир тараптуу өткөрүлүп жатат.