Жыл башынан бери АКШ долларынын расмий курсу сомго карата 21,61 пайызга өстү

Жыл башынан бери АКШ долларынын расмий курсу сомго карата 21,61 пайызга өстү. Мындай маалымат менен Улуттук банк бөлүштү. Эгер январда америкалык валюта 84 сом 80 тыйындан сатылып келсе, бүгүнкү күндө анын расмий куну – 103 сом 12 тыйын.

 

Акыркы бир күндө эле доллар 5,5 пайызга кымбаттады. Ал эми коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 105 сомдон сатып алып, кайра 106 сомдон сатышууда. Эске салсак, Кыргызстанда доллар февралдын аягында, Россиянын Украинадагы атайын операциясынан кийин кымбаттап баштады.