Вирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралар планы Жалал-Абадда дагы киргизилди. Мэриядан билдиришкендей, учурда аталган калаада коомдук тамактануу жайлары, кафе-ресторандар кечки саат 10го чейин гана иштеши керек.
Андан кийин жабылбай, иштей берген объектилер жарыктан өчүрүлөт. Ал эми мечиттердеги жалпылап намаз окууга киргизилген тыюу августка чейин узартылды.