Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда күн күркүрөп, маал-маалы менен жамгыр, айрым аймактарда кар жаайт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Мындай туруксуз аба ырайы айдоочулардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Туруксуз аба ырайынан улам тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн, — деп айтылат маалыматта.