Бийлик кирешесиз мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүнү көздөп жатат

Бийлик кирешесиз мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүнү көздөп жатат.

Министрлер Кабинети мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын жана акционердик коомдордун менеджментинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүдө.

Бул тууралуу өкмөттүн төрага орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө көңүл чыгашалуу ишканаларды менчиктештирүү мүмкүнчүлүгү менен иштөө форматын кайра карап чыгууга бурулат.

Ошондой эле мамлекеттик ишканаларды таза пайдадан 50 пайыз чегерүүлөрдү төлөөдөн бошотуу жөнүндө чечимдин долбоорун киргизүү тапшырылды.