Алайда памирлик кыргыздар үчүн социалдык шаарча курулуп, колдонууга берилди.
Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришкендей, шаарча Талды-Суу айылында пайда болду,
анын карамагында 11 турак-жай бар. Ага Нарын жана Чүй облустарынан көчүрүлүп барган
10 үй-бүлө жайгаштырылды. Иштерге жалпысынан 20 миллион сом бөлүнгөн.
Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө республиканын аймагында 105 памирлик кыргыз жашайт.