Ошто мыйзамсыз иштеген майнинг-фермалар аныкталды

Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагындагы мыйзамсыз майнинг-фермалардын (криптовалюта өндүрүү) ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жалпы майнинг-фермаларда колдонулган 900дөн ашык жабдуу алынган.
«Аталган майнинг-фермалардын ээлери «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамды бузуп, расмий каттоосуз жана милдеттүү сертификаты жок, катталуу жана башка төлөм-жыйымдарды төлөбөй туруп, криптовалюта өндүрүшүн уюштурган», — деп айтылат маалыматта.
Учурда тиешелүүлөрдү, ошондой эле келтирилген зыянды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканы кошумчаланды.