Калкка көмүр сатуу октябрда башталат

Калкка көмүр сатуу октябрда башталат. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев билдиргендей, кийинки айдын башынан тарта Нарын облусуна жана өлкөнүн башка аймактарына көмүр жөнөтүлө баштайт.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстан боюнча жалпысынан 3 миллион тоннадан ашык көмүр керектелет. Анын 1 миллиону калкка, 1,5 миллион тоннасы Бишкек ЖЭБинде колдонулат.

 

Республика боюнча көмүр казган 70тен ашык компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниялардын саны 41ге чукул.