Аламүдүн районундагы Маевка айылынын Тепличная көчөсүндө жайгашкан эмерек цехи күйүп жатат.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Ведомствонун маалыматына караганда, жерине 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.
Министрликтен кошумча маалымат бериле тургандыгын айтышты.