Алишер Тоотаев Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониянын директору болуп дайындалды.
Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маданият министрлигинин буйругуна ылайык, ал 20-февралдан тарта ишке киришти.
Алишер Тоотаев 1982-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында туулган.
Ниязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окутуучу, оркестр артисти багытында жана кыргыз-өзбек университетинин экономика багытында билим алган.
Ошондой эле, Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияда солист, “Долбоор” акционердик коомунда музыкант, “ЭлТР” телеканалында редактор болуп эмгектенген.
2018-жылдан баштап “Жигиттер” фольклордук-эстрада тобун жетектеп келген.
“Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин жана башка бир катар сыйлыктардын ээси.