Бишкектеги жаңы конуштардын тургундарына 2 миң 500 техникалык паспорт тапшырылды.
«Кадастр» мамлекеттик мекемесинен билдиришкендей, жалпысынан 6 миң 980дей арыз келип түшкөн.
Эске салсак, паспортто кыймылсыз мүлк жөнүндө бардык техникалык маалымат түшүрүлгөн.
Ал тилкени мыйзамдаштырууга толук укук бербесе дагы, бул маанилүү процесстин бир бөлүгү болуп саналат.