Эртең Бишкектин айрым жерлеринде электр энергиясы жок болот.
“Түндүк электрден” билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин
Мичурин, Турусбеков, Күрөңкеев, Фрунзе, Үмөталиев, Журнальная, Калык Акиев,
Ат-Башы, Махатма Ганди, Жибек жолу, Васильев, Шевченко, Тоголок Молдо
көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ак-Ордо, Эне-Сай конуштарында, Чоң-Арык
айылында жарык өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.