Тогуз жашка чыкканга чейин такыр окубаган бала эми менчик мектепте билим алат

Бишкекте тогуз жашка чыкканга чейин такыр окубаган бала эми менчик мектепте билим алат.

Укук коргоочулардын маалыматына ылайык, мектеп жетекчилиги аны бекер окута турган болду.

Буга чейин социалдык тармактарда жашоо-шартына байланыштуу такыр мектепке барбай калган тогуз жаштагы баланын окуясы кызуу талкууланган.

Бишкек мэриясы түшүндүрмө таратып, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, аны багып жаткан таякесинин паспорту жок экенин билдирген.