Асанбеков менен Мамытканов Кыргызстандын атынан ЕЭКте министр болуп бекиди

Темирбек Асанбеков менен Максат Мамытканов Кыргызстандын атынан Евразия Экономикалык Комиссиясында (ЕЭК) министр болуп дайындалышты. Бул тууралуу маалымат 1-июлда ЕЭКтин сайтында жарыяланды.

 

Анда айтылгандай, эки министрге байланыштуу чечимди Жогорку экономикалык кеңеш 30-июнда кабыл алды.

Темирбек Асанбековдун компетенциясына Евразия Экономикалык Бирлигиндеги транспорт, инфраструктура жана энергетика маселелери кирет. Бул орунда мурда Кыргызстандын атынан Эмил Кайкиев иштечү.

 

Максат Мамытканов уюмдагы бажы маселелерин тейлейт. Анын ордунда Кыргызстандын мурдагы экономика министри Олег Панкратов эмгектенип келген.

Асанбеков ишкер, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери. Ал эми Мамытканов экс-вице-премьер-министр, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары болгон. Алар экөө тең 2020-жылкы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого катышып, андан кийинки октябрь окуяларында активдүү катышкан.

 

Евразия Экономикалык Комиссиясына Орусия, Казакстан, Армения, Беларус жана Кыргызстан кирет. ЕЭК Евразия Экономикалык Бирлигиндеги эң жогорку орган. Мурдараак ага Кыргызстандын атынан жаңы министрлер сунушталганы кабарланып жаткан.