Фейсбуктун баасы 1 триллион доллардан ашкан эң жаш компания болуп калды

Фейсбуктун баасы 1 триллион доллардан ашкан эң жаш компания болуп калды. Маалыматка ылайык, компанияга каршы антимонополдук эки доону АКШнын соту четке каккан.

 

Андан кийин Фейсбуктун акцияларынын баалары 355,64 долларга өскөн. Жыйынтыгында, социалдык тармактын базар наркы 1 триллион доллардан ашып кеткен.

 

Буга чейин Amazon, Alphabet, Microsoft жана Apple компаниялары дагы бир триллион доллар босогосун атташкан.