Кыргызстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Жер титирөөнүн очогу Алай районундагы Нура айылынын түштүк-чыгыш таратында
9 чакырым алыстыкта орун алды. Зилзаланын күчү Нура, Икизяк, Эркечтам айылдарында 4 баллга,
Кара-Киндик, Кек-Суу, Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга чейин сезилди.
Жеринде тактоо иштери жүргүзүлүп жатат.