Россия Баткен облусуна жардам көрсөттү.
Россиянын биздин өлкөдөгү элчилигинен билдиришкендей,
3 тоннадан турган гуманитардык жүк Бишкекке келип түштү.
Эми ал Баткенге жөнөтүлөт. Гуманитардык жардам антисептик,
медициналык коргонуучу кийимдер, бет кап жана
башка жеке коргонуучу каражаттарынан турат.