“Ласковый май” тобунун солисти Юрий Шатунов дүйнө салды.
Бул тууралуу РИА Новости сайты жазды.
Шатунов тез жардам кызматынын унаасында бара жатканда жүрөгү токтоп каза болгон.
Юрий Шатунов 1973-жылы 6-сентябрда жарык дүйнөгө келген.
1986-жылы “Ласковый май” тобу түзүлүп, “Белые розы”, “Лето”, “Пусть будет ночь”, “Седая ночь”, “Ну, что же ты…”, “Тающий снег” сыяктуу хит ырлар жаралган.