Бишкектеги бала бакчадан чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкектеги бала бакчадан чыккан өрт өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрт түшкү саат 2ге чукул чектөөгө алынып, 3кө жакын толук өчүрүлдү.

Болжол менен өрттөнгөн жердин жалпы аянты 200 чарчы метрди түзөт.

Кошумчаласак, бүгүн ордо калаадагы Жумабеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы кошумча курулуштан өрт чыгып, Фрунзе көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу мектепке чейинки мекеменин чатырына өтүп кеткен.