Россиядагы жол кырсыкка жүк ташуучу автоунаанын айдоочусунун жүрөк оорусу себеп болгону айтылды

Россиядагы жол кырсыгына оор жүк тарткан машиненин айдоочусунун каргашага чейин каза болгону себепкер болгон.

Бул тууралуу Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маркумдардын сөөгүн жакындарына тапшырып жатып билдирди.

 

Министрдин айтымында маркумдардын сөөгүн алып келүү үчүн барган топ жеринде Россиянын ӨКМнин Ульяновск облустук башкармалыгынын башчысы менен жолугушуп, ал жердеги тергөө ишинин алдын ала жыйынтыктары менен таанышкан. Жол кырсыгына себепчи болгон жүк тарткан унаанын айдоочусу кырсыкка чейин жүрөгү токтоп калганы аныкталган.

 

24-августта  Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгон Баткен жана Жалал-Абад облусунун тургундарынын сөөгү жерге берилет. Маркумдардын сөөгү 23-августта атайын учак менен Россиядан алып келинген.

Ульяновск облусунда 21-августта катталган ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган. Каза болгондордун бешөө Баткен, төртөө Жалал-Абад, бешөө Ош облусунун тургундары.

Каза болгондордун жакындарына президенттик фонддон 300 миң сомдон жардам берилди.