Москвадагы мектептердин окуучулары 2 жумалык эс алууга жөнөтүлөт

Москвадагы мектептердин окуучулары 2 жумалык эс алууга жөнөтүлөт.

Тиешелүү буйрукка мэр Сергей Собянин кол койду. Ага ылайык, 5-октябрдан 18-октябрга чейин

билим берүү мекемелери жабык болот. Бул башталгыч, орто билим берген, кошумча жана

спорттук даярдык көрсөткөн мекемелерге тиешелүү. Мындай чара окуучулардын вирус жуктуруп албаш

үчүн көрүлүп жатат. Бирок, ошол эле учурда бала бакчалар кадимки тартипте иштей берет.