Эд Ширан музыкалык карьерасын токтотот

Британиялык белгилүү аткаруучу Эд Ширан музыкалык карьерасын токтотот.

Ошондой эле социалдык тармактардан баш тартты. Бул тууралуу ал Instagram

баракчасында пост жазып калтырды. Ширандын айтымында, ал 2017-жылдан бери

тынымсыз жана эс алуусуз иштеди. Ушундан улам белгисиз убакытка чейин музыка

чөйрөсүнө кайтпайт. Ал эс алуу убактысын китеп окуу, саякаттоо жана жаңы

чыгармаларды жазуу менен өткөрөөрүн билдирди. Бирок Ширан кийин

кайра чыгармачылыкка кайтаарын кошумчалаган.