Аз камсыз болгон бишкектиктерге кышка карата көмүрдүн ордуна материалдык жардам көрсөтүлүүдө

Аз камсыз болгон бишкектиктерге кышка карата көмүрдүн ордуна материалдык жардам көрсөтүлүүдө.

Мэриянын маалыматы боюнча, ар бир үй-бүлөгө 5 миң сомдон каралган.

Мындан тышкары, жалгыз бой пенсионерлерге жана майыптыгы барларга шаар ичинде кара отун жеткирүү үчүн 500 сомдон, ал эми конуштарга 700 сомдон берилет.

Азыркы тапта каражат төлөнүп баштады.

Кошумчаласак, жалпысынан 4 миңден ашуун социалдык жактан аярлуу үй-бүлө шаар бийлигинин каттоосунда турат.