Бишкекте дагы 2 көчө оңдоо иштерине жабылды

Бишкекте дагы 2 көчө оңдоо иштерине жабылды. Мэриядан билдиришкендей, кайра калыбына келтирүү иштери Васильев жана Армейский көчөлөрүндө башталды.

 

Андан тышкары, жумуштар Исакеев, Шевченко, Леваневский, Кахов көчөлөрүндө жүрүүдө. Бул тилкелерде кыймылга чектөөлөр киргизилген. Эске салсак, “Бишкек асфальт сервис” ишканасы быйыл ордо калаанын 27 көчөсүн толугу менен оңдойт.