Токтогулда суунун деңгээли жогорулай баштады

Токтогулда суунун деңгээли жогорулай баштады.

“Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн суунун көлөмү 8 миллиард 12 миллион куб метрди түздү.

Суунун агып келиши секундасына 468 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 133 куб метрге жетүүдө.

Белгилеп кетсек, бир жума мурун суунун агып кириши дээрлик үч эсе аз болчу.

Кошумчаласак, суу сактагычтын максималдуу чеги 19,5 миллиард куб метр.