Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика май айында ишке кирет.
Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
Эске салсак, тоо-кен ишканасын Түркиялык компания толук каржылап, жалпы 230 миллион доллар инвестиция салган.
Терек-Сай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан. Ишканада жалпысынан 800дөн ашуун кыргызстандык иштейт.