Бүгүн 7-апрель мамлекеттик органдар үчүн иш күнү

Бүгүн 7-апрель мамлекеттик органдар үчүн иш күнү. Бул тууралуу novosti.kgге Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Ведомстводон эске салышкандай, бул күнү Апрель революциясынын күнү белгиленгендиктен, эс алуу жарыяланышы керек болчу.

 

Бирок коронавируска байланыштуу абалдан улам, өкмөттүн чечими менен бардык мамлекеттик органдар дем алышсыз иштейт. Ал эми коммерциялык банктардын жетекчилиги иш графигин өз алдынча түзүшөт.