Бишкектин комендатурасына 110 жаңы смартфон тапшырылды. Алардын жардамы менен жарандардын электрондук уруксат кагаздары текшерилет, — деп билдиришти Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен.
Андан белгилешкендей, смартфондор ордо калаанын постторунда турган кызматкерлерине берилет. Эске салсак, 2-апрелден тарта Бишкекте уруксат кагаздарын берүүнүн электрондук форматы ишке кирди.