Бүгүн Айя-София мечитинде алгачкы жолу жума намазы окулат

Бүгүн, 24-июлда Түркиянын Стамбул шаарындагы Айя-София музейи кайрадан мечит болуп өзгөртүлгөндөн кийин алгачкы жолу жума намазы окулат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

 

Жазылган маалыматка ылайык, 86 жылдан кийин Айя-София мечитинде алгачкы ирет жума намазы окулат.

 

«Пандемияга байланыштуу чектелүү адамдардын катышуусунда жума намазы окулмакчы. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын намазга катышуусу күтүлүүдө«, — деп жазылат маалыматта.

 

Стамбулдун так ортосунда жайгашкан Айя-София музейи Грециянын мурунку Грек патриархалдык православ чиркөөсү болгон, кийин Осмон империясынын тушунда мечитке айландырылса, 1934-жылы Мустафа Кемал Ататүрктүн тушунда ал кайра музейге айландырылган. Музей 1985-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

 

Жакында эле, 10-июлда президент Режеп Тайип Эрдоган бул чечимди жокко чыгарып, кайра мечитке айландыруу боюнча жарлыкка кол койгон.