Баткен облусунун Кара-Булак аймагында жаңы Фельдшердик-акушердик түйүн ачылды.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов билдиргендей,
заманбап, бардык шарты бар имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Эми ал 4 миңге жакын
бейтапты кабыл ала алат. Мындан тышкары жергиликтүү демөөрчү тарабынан мекеме
кычкылтек концентратору менен камсыз болду. Иштерге каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.