Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган 169 адис  алыскы региондорго жөнөтүлдү

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган 169 адис  алыскы региондорго жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айгүл Бообекова билдирди.

 

Анын айтымында, Бишкек медициналык колледжинин 70 бүтүрүүчүсү да ордо калаада ооруканаларына иштөөгө бөлүштүрүлдү. “Дарыгердин депозити” мамлекеттик программасынын негизинде 175 адиске бир кварталда бир жолу акча төлөнмөй болду.