Бишкекке июль айында дагы жаңы автобустар келе баштайт

Бишкекке июль айында дагы жаңы автобустар келе баштайт. Бул тууралуу калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

 

Анын айтымында, жыл аягына чейин Кытайдан 500 автобус сатылып алынат. Ал эми 2024-жылы дагы 500ү жеткирилет. Мэр мындай мүмкүнчүлүк президенттин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилгендигин кошумчалады.

 

Газ менен жүрүүчү автобустарды алууга каражат бюджеттен бөлүнөт.