Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо уланууда.
Онлайн же кадимки тартипте катталуу 6-апрелге чейин созулат, — деп билдиришти
билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан. Сынакка катышууну каалаган
бүтүрүүчүнүн сөзсүз паспорту болушу шарт. Белгилеп кетсек, быйыл ЖРТ
болжолдуу түрдө 23-майдан 28ине чейин өтөт. Сынак үчүн
республика боюнча 120га жакын борбор уюштурулат.