Кыргызстандын мектептеринде жаңы окуу жылынан тарта “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети киргизилет.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, 2022–23-окуу жылынан баштап менчигинин түрүнө жана формасына карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстарынын окуучулары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети базистик окуу планына киргизилет.
Ал эми 7–8-класстар үчүн ушул эле китеп иштелип, басып чыгарылат.
Ошондой эле, “Дин таануу” адистиги боюнча билим берүүчү тиешелүү окуу жайларда бюджеттик орундар каралат.