Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кардын калыңдыгы 15 сантиметрге жетти

Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кардын калыңдыгы 15 сантиметрге жетти. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек-Ош трассасы кардан тынбай тазаланып, инерттүү материалдар себилип жатат.

 

Айдоочуларга  этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат. Зарылчылык жок болсо, туруксуз аба-ырайында тоолуу аймактарга сапарга чыкпай туруу оң, — дешет жолчулар.