Бүгүнтөн баштап мамлекеттик нотариустар ишемби күндөрү да иштеп баштайт

Бүгүнтөн баштап Кыргызстанда мамлекеттик нотариустар ишемби күндөрү да иштеп баштайт. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул мүлктү легалдаштырууну каалагандардын көптүгү менен байланыштуу.

 

Мындан тышкары, стандарттуу нотариалдык аракеттерди жасоо, анын ичинде мурастык иштерди каттоо үчүн жарандар жеке нотариустарга кайрыла алышат.

 

Эске салсак, 9-июнга чейин мүлктөрдү ыктыярдуу түрдө легалдаштырууга болот.