Балдарды мэрия аркылуу Ысык-Көлгө эс алууга жиберүү меселеси так чечиле элек

Балдарды мэрия аркылуу Ысык-Көлгө эс алууга жиберүү меселеси так чечиле элек.

Бул тууралуу Билим берүү башкармалыгынын адиси Данияр Абдулазизов novosti.kgге билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаал режими алынса гана балдар эс алууга жиберилет.

Бул боюнча бюджетте каражат каралган. Жыйынтыктоочу чечимди рееспубликалык штаб кабыл алат.

Эске салсак, калаа мэриясы жыл сайын балдарды Ысык-Көлгө эс алууга жиберет.

Аларга окуунун отличниктери жана социалдык колдоого муктаж үй-бүлөнүн балдары кирет.